Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы акыркы убактарда салык кызматкерлеринин атынан мессенджерлер аркылуу жалган маалыматтар тараган учурлар көбөйүп жатканын эскертет.
Ведомствонун маалыматына караганда, мындай билдирүүлөрдүн биринде КР Салык кодексинин айрым беренелерине шилтеме берилип, салык төлөө, декларация тапшыруу талабы коюлган жана расмий эмес байланыштар аркылуу кайрылган учурлар катталган.
"Бул сыяктуу билдирүүлөр жарандарды адаштырып, алдамчылар тарабынан жеке маалыматтарды алуу же мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы төмөнкүдөй расмий маалыматтарга көңүл бурууга чакырат:
- салыктык карызы тууралуу SMS-билдирүүлөр мобилдик операторлор аркылуу жөнөтүлөт. Жөнөтүүчүнүн расмий аты — GNS KR;
- расмий эскертүүлөр Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу жөнөтүлөт. Жеке аккаунттар жана мессенджерлер аркылуу салык боюнча жеке консультациялар берилбейт;
- бардык ишенимдүү маалыматтар www.sti.gov.kg расмий сайтына жана Салык кызматынын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жайгаштырылат;
- алдамчылыкка шектенген учурларда укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайбыз.
Салык кызматы жарандардан этият болууну жана расмий эмес булактардан келген маалыматты кайра текшерип чыгууну өтүнөт.