Салык кызматы контрафакттык товарларды жок кылды

479 31 Январь 2025 11:09
88 (11 of 14).JPG
88 (10 of 14).JPG
88 (8 of 14).JPG
88 (6 of 14).JPG
88 (1 of 14).JPG
Алдыга
Артка
88 (11 of 14).JPG
88 (10 of 14).JPG
88 (8 of 14).JPG
88 (6 of 14).JPG
88 (1 of 14).JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 90 миң куту "ORBIT" контрафакттык сагызын жок кылышты.

Салык кызматынан маалымдашкандай, жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын, ошондой эле "ORBIT" товардык белгисинин укук ээлеринин катышуусунда өттү. Соттун чечимине ылайык, контрафакттык продукция Бишкек шаарына жакын таштанды төгүүчү жайлардын биринде, атайын меште (инсинератор) өрттөө жолу менен жок кылынды.

Эскерте кетсек, контрафакттык продукция Бишкектеги базарлардын биринен тартылып алынган.

Салык кызматы Кыргызстандын аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча иштерди улантат.