Баткенде мыйзамсыз ташылып келген 3,5 тонна жүзүм жана лимон жок кылынды

Аймак 867 13 Февраль 2025 11:00
5e7b8558-6e01-4f0d-a4b6-be030a919a51.jpeg
abd315fd-4edb-4b4c-a32e-10a751b97df7.jpeg
9b148336-74a0-4009-b383-da853a2e054d.jpeg
9b148336-74a0-4009-b383-da853a2e054d (1).jpeg
cf79c2f4-a04b-4bd2-bd6a-880d34742493.jpeg
92a2a509-b281-4a9c-8cde-3061278cf034.jpeg
c8924ad5-a63f-487f-a3d5-f6091a5229e4.jpeg
44be7f2a-82cc-4822-895c-65cf762c99c2.jpeg
b1d5182f-f037-461d-ac66-7244b10e837f.jpeg
9e70906c-fb42-4b87-a6d3-6af8373dd117.jpeg
41c456f9-277a-4c73-9bde-fab5520ae001.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Баткенде мыйзамсыз ташылып келген 3,5 тонна жүзүм жана лимон жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Баткен өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгына ЕАЭБдин аймагына бажы эрежелерин бузуу менен мыйзамсыз ташылып келген айыл чарба продукциясы жөнүндө маалымат берилген.

Текшерүүнүн натыйжасында жалпы салмагы 3,5 тоннадан ашык жүк жок кылынган. Анын 2 тоннадан ашыгы жүзүм, 1,4 тоннадан ашыгы лимон болгон.

Белгилей кетсек, КР "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" мыйзамына жана ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, фитосанитардык сертификаты жок жогорку тобокелдиктеги карантиндик жүктү өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салынат.

Жүк ээси мыйзамга ылайык эки вариантты тандай алган:

  1. Жүктү кайра артка кайтаруу.
  2. Жүктү жок кылуу.