Салык кодексине өзгөртүү киргизүү: ЖК долбоорду I окууда колдоду

Жогорку Кеңеш
Салык кодексине өзгөртүү киргизүү: ЖК долбоорду I окууда колдоду

Бишкек, 21.10.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, концепциясы колдоо тапты. 

Парламенттен билдиришкендей, депутаттар Мирлан Жеенчороев, Марлен Маматалиев жана Алтынбек Кудайбердиев тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору горизанталдык жана вертикалдык адилеттик принциптерин сактоо менен салык төлөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын ортосунда киреше салыгы боюнча салыктык жүктү адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылууга багытталган.

Тактап айтканда, кирешелери ар кандай болгон салык төлөөчүлөрдүн төлөгөн салыктары адилетүү болушу керек. Башкача айтканда, салык тутуму салык төлөөчүлөрдүн кирешелеринин деңгээлиндеги айырмачылыктарды эске алып, алардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө салыктык жүктүн ылайык болушун камсыз кылууга тийиш.