Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр бюрократияны азайтып, бизнести колдойт - Абдыров

Пикир Загрузка... 14 Февраль 2025 16:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Президент Садыр Жапаров салык башкаруу системасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде, кодекс олуттуу өзгөртүүлөргө дуушар болгонун жана алар жарандарга бюрократиялык басымды азайтуу, салыктык башкарууну жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү, бизнести жана ишкерликти колдоого багытталганын белгиледи.

- Салык мыйзамдарына толуктоолор киргизилди. Сөздү карапайым жарандарга түздөн-түз тиешелүү өзгөрүүлөрдөн баштайлы. Биринчиден, бул жеке адамдар үчүн БСДнын (бирдиктүү салык декларациясы) жоюлушу, бул быйылкы жылы калкты тейлөө борборлорунда узун кезектерди жана терезеден терезеге чуркап жүргөндөрдү көрбөйбүз дегенди билдиреби?

- Мен дагы ошондой болот деп үмүттөнөм, бирок кеп анда деле эмес. Жалпысынан, президент кол койгон документ салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган жана жарандар менен ишкерлер үчүн бир топ көйгөйлөрдү жараткан эрежелер кайра каралып чыкты. Көбүнчө кыйнчылыктар финансылык жактан эмес, жарандарга коюлган талаптардын жана милдеттердин көптүгүнөн улам жаралган. Жеке адамдар үчүн бирдиктүү салык декларациясын алып салуу калкка болгон бюрократиялык жүктү азайтат.

Бул өзгөрүүлөр ишкерлерге да тиешелүү. Нөл отчетторду берүү зарылдыгын жоюу салык төлөөчүлөрдүн убактысын жана ресурстарын үнөмдөйт. Мурда алардын ишкерлиги убактылуу токтоп турса дагы да, салык кызматынан келип, кезекке турууга туура келчү. Албетте, бул бир топ убакытты талап кылчу.

- Өз алдынча иштегендердин айрым категориялары үчүн патенттик система алып салынды. Эми такси кызматкерлери жана курьерлер үчүн пайдадан түшкөн киреше салыгынын бирдиктүү ставкасы 1% өлчөмүндө белгиленди. Бул чечимди кандай баалайсыз?

- Албетте, бул ишкерликтин бүт түрлөрүн ачык-айкын кылып, жөнгө салууга шарт түзөт. Ал эми бул чөйрөдө салык агенттери өздөрү заказдарды түзүүчү аянтчалар болгондуктан, система мамлекет алдындагы финансылык милдеттенмелерден качууга жол бербейт. Көмүскөгө кетүүнүн эч кандай пайдасы жок болот, себеби, кирешенин 1% салык ставкасы өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандар үчүн абдан ыңгайлуу, анткени санариптештирилген башкаруу максималдуу түрдө жөнөкөйлөштүрүлгөн.

- Эми макулатура, желим жана айнек идиштерди жыйноочуларды киреше салыгынан бошотуу жөнүндө. Бул эмнеге таасир этет жана канчалык пайдалуу?

- Бул таштандыларды кайра иштетүүгө түрткү берет. Макулатураны, металломду, жана пластикти сатууда киреше салыгынан бошотуу, кайра иштетүү өнөр жайын түзүү үчүн шарттарды түзөт. Башкача айтканда, экологиялык абалды жакшыртууга, айлана-чөйрөнүн булганышынын деңгээлин төмөндөтүүгө да кошкон салым болот. Мындай ишканалар Кыргызстанда мурда эле бар болчу, бирок азыр алардын дагы көбөйгөнү жаратылышты коргоонун жана сактоонун факторлорунун бири болот.

- Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба товарларын сатууда чекене соода түйүндөрүнө КНС 80%га төмөндөйт. Бул көрсөткүчтү төмөндөтүү кандай натыйжа берет?

- Бул жерде биз жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүлүп жатканын көрүп турабыз. Алардын дүкөндөрүнүн текчелеринде турган жашылча-жемиштери баа сегментинде атаандаштык артыкчылыкка ээ болот жана бул, албетте, биздин жарандар үчүн пайдалуу болот.

Бул кайра иштетүүгө стимулдарды түзөт, башкача айтканда, азыр түшүмдү талаадан гана сатпай, консерва, сүт азыктарын, даяр эт азыктарын өндүрүү пайдалуу болот. Башкача айтканда, жергиликтүү өндүрүш жана фермерлик чарбалар кеңейип, продукцияны чекене тармактар ​​аркылуу сатууга кепилдик алышат.

- Ошол эле учурда Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча дагы башка чаралар бар...

— Ооба, ушул эле катарда чарбалар жер астындагы сууларды сугатка пайдалангандыгы учун кошумча акы төлөөдөн бошотулган. Бул да продукциянын өзүндүк наркын кыскартуу болуп саналат. Башкача айтканда, айыл чарба тармагында өндүрүүчүлөрдүн кирешесин көбөйтүүгө шарттар түзүлүп, ал эми продукциялар керектөөчүлөргө жеткиликтүү болушу керек.

- Салык кодексиндеги дагы кандай өзгөртүүлөрү пайдалуу деп эсептейсиз?

- Кыргызстанда чогултулган же өндүрүлгөн унааларды алгачкы каттоодо жарандарды жыйымдардан бошотуу абдан жакшы чечим болуп саналат. Бул ата мекендик автомобиль өнөр жайынын автоунааларын арзаныраак кылат. Себеби, биздин рынокту чет элдик автоунаалар ээлеп турганы үчүн бул маанилүү. Жаңы, атаандаштыкка жарамдуу унаалар, эгерде заводдон кепилдик жана тейлөө менен сатылса, орто класстагы унаа издегендер үчүн жакшы вариант болушу мүмкүн.

Курулуш компаниялар үчүн башкаруунун жаңы жөнөкөйлөштүрүлгөн режими иштелип чыгып ишке киргизилди. Алар үчүн бирдиктүү тариф каралган, накталай төлөмдөр үчүн 6%, накталай эмес төлөмдөр үчүн 4%. Бул курулуш тармагында алдын ала жана түшүнүктүү салык системасын түзөт.

Чакан жана орто ишкерлерге калып калган, бирок документтери жок товарларын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар. Бул мыйзамдуу түрдө жаза тобокелдигине жол бербөө жана мыйзамдуу түрдө ишкерликти улантуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Менимче, бул узак мөөнөттүү келечекте жакшы натыйжа берет.