Салык кодексине киргизилген негизги өзгөртүүлөр кайсылар?

Экономика Загрузка... 14 Февраль 2025 15:35
170719000265c1a6f220290.2e16d0ba.fill-800x500.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 12-февралда “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам 8 кодекске жана 7 мыйзамга, анын ичинде Салык кодексинин 161 беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Экономика жана коммерция министрлиги Салык кодексине кандай негизги өзгөртүүлөр киргизилгенин түшүндүрдү.

Жеке жактар үчүн жалпы декларациялоону жокко чыгаруу.

Жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын алып салуу салыктык башкаруу процессин жөнөкөйлөтүп, жарандарга бюрократиялык жүктү азайтат. Мындай чечим заманбап маалыматтык технологияларды активдүү колдонуу жана маалымат чогултуу процесстерин автоматташтыруу зарылчылыгы менен шартталган.

Таксисттер жана курьерлер үчүн киреше салыгынын ченин 1 пайыз өлчөмүндө белгилөө.

Жеке жактарды көмүскөдөн чыгаруу үчүн патенттик системанын ордуна салык төлөөчүлөрдүн бул категориясынын ишмердүүлүгүнө 1 пайыздык киреше салыгы алынат. Бул салыктын төлөөчүсү салык агенти болот, ал уюм заказдар үчүн колдонулган маалыматтык системага кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

"Нөлдүк" отчетторду жокко чыгаруу.

Эгерде салык төлөөчүнүн отчеттук мезгил үчүн салыктык милдеттенмеси болбосо, анда "нөлдүк" отчетту берүү талап кылынбайт.

Макулатураны жана металл сыныктарын сатууда киреше салыгынан бошотуу.

Түзөтүүлөр киргизилгенге чейин салык агенттери макулатураны жана металл сыныктарын кабыл алууда жеке жактардан киреше салыгынын 10% кармашчу. Эми бул товарларды сатуу салыктан бошотулду. Ошондой эле айнек, айнек идиш, айнек камтыган буюмдар, полипропилен, полиэтилен, желим жана полиэтилентерефталат кабыл алуу боюнча бүтүмдөр киреше салыгын төлөөдөн бошотулду.

Айыл чарба продукциясын сатууда соода түйүндөрү үчүн жеңилдиктер.

Айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативдери же айыл чарбага багытталган соода-логистикалык борборлору катары катталып, салык төлөөчүлөрдөн сатып алынган атамекендик айыл чарба продукциясын сатуучу чекене соода түйүндөрү 80% КНС төлөөдөн бошотулат.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн бонустук жеңилдиктер.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү айыл чарба муктаждыктары үчүн жер астындагы сууларды (жер казынасынан алуу) пайдаланганда бонус төлөөдөн бошотулат.

Кыргыз Республикасында чогултулган же чыгарылган транспорт каражаттарынын ээлерин алгачкы каттоо үчүн жыйымды төлөөдөн бошотуу.

Автоунаа чыгаруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында “Тулпар Моторс” заводу унааларды чогултуп, чыгарат. Автотранспорт каражаттарын каттоодо сатып алуучуларды жыйым төлөөдөн бошотуу автоунааларды сатып алууну жеткиликтүү кылат жана калктын автоунаалуу болушунун деңгээлинин өсүшүнө өбөлгө түзөт.

КР Кылмыш-жаза кодексине киргизилген негизги өзгөртүүлөр:

Башка жактарга катталган төлөм системаларын пайдалануу үчүн административдик чаралар.

Эгерде жеке ишкер же юридикалык жак башка жактын атына катталган төлөм системалары аркылуу товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү кабыл алса, эми бул аракеттер үчүн айыптар каралат:

Биринчи бузуу үчүн - эскертүү,

кайталап бузуу үчүн:

жеке жактар үчүн – 20 000 сом,

юридикалык жактар үчүн – 65 000 сом.

Акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалар менен акциздик продукцияларды жүгүртүүгө айып пулдун өлчөмүн жогорулатуу.

Акциздик маркалары жок же алардын жасалмалары менен акциздик товарларды мыйзамсыз сатуу үчүн 2016-жылы белгиленген айыптар мыйзамсыз алкоголдук жана тамеки продукцияларын аныктоо учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу эки эсеге көбөйтүлдү.

“Салык кодексин күчүнө киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына киргизилген негизги өзгөртүүлөр:

2025-жылдын 1-июлуна чейин курулуш компаниялары үчүн бирдиктүү салыкка өтүү.

Турак жай жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенген субъекттер 2025-жылдын 1-июлуна чейин салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз бере алышат.

Салык төлөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн бирдиктүү салыктын чендери да белгиленген:

6 % – накталай эсептешүүдө,

4 % – накталай эмес эсептешүүдө.

Автотранспорт каражаттарын реэкспорттоо боюнча жеке жактардын салык карыздарын эсептен чыгаруу.

Жеке жактар (жеке ишкерлерди кошпогондо) 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алардын менчигинде бир жылдан аз убакыт болгон транспорт каражаттарын импортоодо жана сатууда алынган кирешелер боюнча пайыздарды жана туумдарды кошо алганда, салыктык карыздардан бошотулат.

Алгачкы эсепке алуу документтери жок болгон товарларды легалдаштыруу.

Салык төлөөчүлөр 2025-жылдын 1-апрелине чейин баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлар жөнүндө маалыматтарды салык органынын маалыматтык системасына киргизсе, алар үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

  • алкоголдук продукциялар, тамеки буюмдары, дары-дармектер, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар;
  • нефть жана нефтепродуктулар (ТН ВЭД 2710197100-2710199800 коддору менен белгиленген майлоочу майларды кошпогондо);
  • Салык кызматынын же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар товарлар.

Ушул мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана айрым жоболорду кошпогондо, 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Салык кодексине өзгөртүүлөр жылына бир жолудан ашык эмес киргизилет.