Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта белгилүү адабиятчы, сынчы жана дипломат Салижан Жигитовдун туулган күнүнө 90 жыл толду. Ал 1936-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Филология илимдеринин доктору, профессор Жигитов адабият айдыңында гана эмес, мамлекеттик маанилүү кызматтарда, өзгөчө дипломатияда өчпөс из калтырган.
Адабияттан дипломатияга
Салижан Жигитов — кесипкөй дипломат болбосо да, интеллектуалдык деңгээли жана бийик кадыр-баркы менен элчилик кызматка татыктуу болгон "саясий дайындоо" аркылуу келген дипломаттардын катарын толуктайт. Анын Өзбекстандын интеллигенциясы арасындагы кадыр-баркы эки өлкөнүн мамилеси жаңыдан калыптанып жаткан мезгилде маанилүү роль ойногон.
Дипломатиянын оор башаты
1991-жылы СССР ыдырагандан кийин эгемен мамлекеттердин тышкы саясатын өз алдынча жүргүзүүсү чоң сыноо болгон. 1993-жылы Кыргызстандын Ташкенттеги элчилиги ачылып, Салижан Жигитов алгачкы элчи болуп дайындалат. Ал кезде дипломатиялык протокол, каржы жана адистер жетишсиз эле. Элчилик алгач Ташкенттин борборундагы Мустакиллик аянтындагы имараттын беш бөлмөсүндө жайгашкан.
Маданий байланыштар жана "Манас" мааракеси
Салижан Жигитов элчи катары ал "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын Өзбекстанда жогорку деңгээлде өткөрүүгө жетекчилик кылган.
Билим берүүгө кошкон салымы
Салижан Жигитов Өзбекстандагы жергиликтүү кыргыздардын көйгөйлөрүнө, өзгөчө кыргыз мектептериндеги окуу китептеринин жетишсиздигине өзгөчө көңүл бурган. Анын демилгеси менен Ташкентте "Боордош өлкөлөрдүн тилдери" редакциясы түзүлүп, кыргыз тилиндеги окуу китептерин басып чыгаруу жолго коюлган.