Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басары эмгек жамаатына тааныштырылды

Коом 30 апрель 2025 16:29
494055985_706344908459547_3435618083896826942_n.jpg
493977484_706324358461602_3376536746823834039_n.jpg
494191955_706324321794939_1557622180156007628_n.jpg
494215924_706324275128277_8547931022922812910_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча жаңы орун басары Нургүл Аднаева тааныштырылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы орун басарды президенттин аппаратынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Элден Калчакеев тааныштырып, министр Эркин Чечейбаев катышты.

Өз сөзүндө министр алдыда жемиштүү кызматташууга жана демилгелер менен долбоорлорду биргелешип ийгиликтүү ишке ашырууга ишенимин билдирди.