Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы директору Чжэн Ву менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, тараптар аймактык коопсуздукту чыңдоо долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштерди талкуулашты.
Долбоордун негизги натыйжалары:
- Лабораторияларды жаңылоо: Бишкек, Чүй жана Ош облустарындагы 11 лабораториялык объекттин 6сында курулуш иштери толук аяктады. Калган объекттер боюнча тийиштүү келишимдерге кол коюлуп, иштер соңку баскычта турат.
- Эл аралык стандарт: Лабораториялар заманбап гематологиялык, биохимиялык жана микробиологиялык жабдуулар менен камсыздалат. Бул диагностиканын тактыгын эл аралык ISO 15189 стандартына жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
- Санариптештирүү: Анализдердин сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө үчүн атайын маалыматтык система (LIMS) киргизилүүдө.
- Жаңы инвестициялар (SEFF): Тараптар ооруканалардын инфратүзүмүн жаңылоо, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаңы медициналык мекемелерди куруу багытындагы жаңы долбоорду ишке ашырууну макулдашты.
Бул демилгелер өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын ар кандай эпидемиологиялык коркунучтарга жооп кайтаруу даярдыгын жогорулатууга багытталган.