Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында президенттин жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылууга багытталган ведомстволор аралык комиссиянын онунчу отуруму өттү.
Жыйында бюрократиядан арылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы каралып, жаңы демилгелер талкууланды.
Минкаб төрагасы президенттин тиешелүү жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча системалуу иш-аракеттер улантылып жатканын белгиледи.
“2025-жылдын март айынан баштап Юстиция министрлигинин, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыккан демилгелердин негизинде Ведомстволор аралык комиссия тарабынан 300дөн ашык тапшырмалар берилген. Жүргүзүлүп жаткан реформалар борбордук мамлекеттик органдарга да, жергиликтүү башкаруу системасына да таасирин тийгизип жатат. Бюрократиядан арылуу иштеринин алкагында жетишилген айрым натыйжаларды белгилеп кетким келет: уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 439га чейин кыскарды, алардын 199у уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар; "Электрондук аудит" боюнча – текшерүүлөрдүн мөөнөтү 2 жумадан 3 күнгө чейин кыскартылды; расмий статистикалык отчеттуулуктун формалары оптималдаштырылды; майыптыкты тастыктоо мөөнөттөрү узартылды, бул кайталап тастыктоонун санын кыскартат жана майыптуулугу бар адамдарга администрациялык жүктү азайтат; жеке медициналык уюмдардын онкология, паллиативдик жардам жана медициналык реабилитация чөйрөсүндөгү иштерди жүргүзүүсүнө тыюу салуу алып салынды; жеке клиникаларда эмдөөлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү каралды, алдыңкы дүйнөлүк жөнгө салуучулардан текшерүүдөн өткөн дары-дармек каражаттарын каттоо жөнөкөйлөштүрүлдү. Керексиз бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча жигердүү аракеттер улантылышы керек. Мамлекеттик органдардын жетекчилери Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарын күтпөстөн, өз алдынча демилгелерди сунуштап, тиешелүү чараларды иштеп чыгып, ишке ашырышы керек", - деди Адылбек Касымалиев өз сөзүндө.
Отурумда белгиленгендей, Ведомстволор аралык комиссия жүздөгөн көйгөйлүү маселелерди карап чыгып, алардын ичинен бүгүнкү күндө 200гө жакын системалык тапшырма аткарылды. Болжол менен 150 ченемдик укуктук актылар демилгеленген, анын ичинен 76 мыйзам жана ченемдик-укуктук актылар белгиленген тартипте кабыл алынган, 25и кабыл алуунун жана/же бекитүүнүн акыркы стадиясында, ал эми калган долбоорлор бекитүү жана кайра карап чыгуу стадиясында.
Мындан тышкары, жыйында үстүбүздөгү жылдын май жана июнь айларында бир катар мыйзамдардын кабыл алынышы, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү системасын комплекстүү реформалоого жана мамлекеттик органдардын ишмердигине проактивдүү ыкмаларды киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча маалымат берилди.
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары салыктык башкарууну жакшыртуу, электрондук документ жүгүртүү системасын өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы процесстерди тартипке келтирүү жана башка бир катар маселелерди талкуулашты.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга аткаруу мөөнөтү көрсөтүлгөн конкреттүү тапшырмалар берилди. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин алдыга койгон максаттарына жетүү жана кабыл алынган чечимдердин өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилигин камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.