Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде бир катар кемчиликтер аныкталды

Ден соолук Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 11:10
News_157935444729729649223749200128781780726.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын ведомстволук мекемелеринин 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карады.

Мекеменин маалыматына ылайык, министрликтин 2025-жылга такталган бюджети 41,7 млрд сомду түзүп, чыгашалар боюнча кассалык аткарылышы 39,4 млрд сом болгон.

Аудиттин жүрүшүндө каражаттарды пайдалануу негизинен мыйзам талаптарына ылайык экени белгиленгени менен, эмгек акы төлөө, курулуш иштерин каржылоо, бухгалтердик эсеп, бюджеттик каражаттарды пайдалануу жана башка багыттар боюнча бир катар кемчиликтер аныкталган.

Эсептөө палатасы аныкталган мыйзам бузууларды жоюу, каражаттарды калыбына келтирүү жана финансылык тартипти күчөтүү боюнча министрликке тапшырмаларды берди. Олуттуу бузуулар боюнча үч материал укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.