Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева балдар үчүн санаторийлердин, лагерлердин жана реабилитациялык борборлордун абалы боюнча маселе көтөрүп, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрүнө суроо салды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев билдиргендей, ведомствонун балансында бир гана мекеме — Воронцовка айылында жайгашкан Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту бар. Бул борбор балдарга да, чоңдорго да кызмат көрсөтөт.
Өз кезегинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков аталган министрликтин балансында мындай мекемелер жок экенин белгиледи.