Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешмеде тармактагы бир катар көйгөйлөрдү айтты.
Анын маалыматына караганда, саламаттык сактоо системасы инфраструктуранын эскириши, башкаруунун ашыкча жүктөлүшү жана кадрлардын агылып кетиши сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп жатканын, бирок олуттуу кесиптик потенциалга ээ экенин белгиледи.
"Стратегиялык максат — оорулардын алдын алууга, клиникалык башкарууга жана жыйынтык үчүн жоопкерчиликке негизделген башкарылуучу, заманбап жана туруктуу саламаттык сактоо системасын түзүү. Тармак көйгөйлөргө жооп кайтаруудан алардын алдын алууга өтүшү керек, система борбордо да, региондордо да бирдей натыйжалуу иштеши зарыл", - деди ал.
Ошондой эле министр кадр маселесине өзүнчө токтолуп, потенциалды күчөтүү үчүн көрүлүп жаткан чараларды белгиледи:
- эмгек акыны жогорулатуу;
- турак жай менен камсыз кылуу шарттарын түзүү;
- региондордогу дарыгерлерди колдоо;
- эл аралык даярдоо программаларын өнүктүрүү;
- чет өлкөдө иштеп жүргөн адистерди кайтаруу.