Саламаттык сактоо министри Нарындагы ооруканалардын иши менен таанышты

Аймак 06 Август 2025 16:23
528196779_777847704642600_2631555604787698299_n.jpg
528215439_777847324642638_7347955943311377235_n.jpg
528298556_777847224642648_1493275466692298340_n.jpg
528364662_777847321309305_2800116477992936688_n.jpg
528416269_777847654642605_152909507669127678_n.jpg
528418507_777847274642643_5586687291404881379_n.jpg
528471796_777847394642631_1052246311488581056_n.jpg
528858106_777847351309302_2684172558062823087_n.jpg
529238521_777847294642641_8908163604272575543_n.jpg
527389217_777847241309313_8195320346764419165_n.jpg
527867768_777847421309295_516447592067812670_n.jpg
528046535_777847611309276_1362464429343310823_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жумушчу сапары менен Нарын облусунда жүрөт.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр сапарынын алкагында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына, облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, ошондой эле курулуш стадиясында турган саламаттык сактоо объектилерине барды.

Сапардын негизги максаты — аймактагы саламаттык сактоо мекемелеринин учурдагы абалын талдоо, көрсөткүчтөрдү изилдөө жана тармактагы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоо болду.

Облустук оорукананын директору Муратбек Аляскаровдун айтымында, учурда стационарда 503 керебет бар. 2025-жылдын алты айында стационарда 10 328 бейтап дарыланган.

Гемодиализ бөлүмүндө ушул жарым жылдыкта 130 бейтап дарыланып, 1 147 диализ сеансы жүргүзүлгөн, ал эми компьютердик томография бөлүмүндө 1 266 изилдөө жүргүзүлдү.

Ошол эле учурда чечүүнү талап кылган курч маселелер дагы бар. Атап айтканда, гемодиализ жана реанимация бөлүмдөрүндө медициналык жабдуулардын жетишсиздиги, ошондой эле дарыгерлердин тартыштыгы. 2025-жылдын август айына карата жалпы Нарын областы боюнча 141 дарыгер жетишпейт, анын ичинен 23ү — областтык оорукананын муктаждыгы. Адистерди тартуу максатында социалдык колдоо чаралары, анын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлерди турак жай менен камсыздоо маселеси каралууда.

Министр саламаттык сактоо уюмдарындагы Сапат бөлүмдөрүнүн эффективдүү ишин өзгөчө белгилеп, Нарын облустук ооруканасы бул багытта республика боюнча лидерликти көрсөтүп жатканын айтты.

Сапардын алкагында министр курулуш жана инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшүнө да өзгөчө көңүл бурду. Ал Нарын облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун моргунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, бул объектке бюджеттен 15,5 млн сом каралганын белгиледи. Имарат зарыл болгон жабдуулар менен да камсыздалмакчы.

Мындан сырткары, быйыл 100 орундуу төрөт бөлүмүнүн, Нарын шаарындагы ОҮМБнын жаңы имаратынын жана №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушу башталары белгиленди.