Саламаттык сактоо министри инфаркт болгон бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам берди

Ден соолук 100 15 Август 2026 12:50
7f019d5f-30c7-4693-a3b4-047fe8a9c8eb.jpeg
e1b03bd8-544c-4251-bf26-ec84f8a8c4dd.jpeg
0fb4e493-aa61-4492-abee-9c47362b251a.jpeg
16ba13d8-7684-481b-955d-99986b065d2c.jpeg
Алдыга
Артка
7f019d5f-30c7-4693-a3b4-047fe8a9c8eb.jpeg
e1b03bd8-544c-4251-bf26-ec84f8a8c4dd.jpeg
0fb4e493-aa61-4492-abee-9c47362b251a.jpeg
16ba13d8-7684-481b-955d-99986b065d2c.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 15.08.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук кардиология жана терапия борборунда инфаркт болгон 87 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам берди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, министр кардиохирургия бөлүмүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен пландан тышкары таанышып жаткан учурда, курч миокард инфаркты менен 87 жаштагы бейтаптын тез арада ооруканага жаткырылганына күбө болду.

Бейтапка жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү зарыл эле. Дамир Осмонов дарылоону уюштуруу иштерине ыкчам аралашып, инфарктка алып келген коронардык артерияга стент коюу операциясын өзү жүргүздү.

Медициналык жардам стент коюу — “КМИ 24/7” (курч миокард инфаркты) программасынын алкагында акысыз көрсөтүлдү.