Саламаттык сактоо министри дарыгерлердин кайрылуусу боюнча комментарий берди

Коом Загрузка... 03 Июль 2025 15:50
WhatsApp_Image_2025_qj5pfL0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев акыркы күндөрү социалдык тармактарда, айрым ЖМКларда тарап жаткан дарыгерлердин кайрылуусу боюнча бүгүн “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берди.

Белгилүү болгондой, буга чейин басылмалар дарыгерлердин анонимдүү кайрылуусун жарыялаган. Анда дарыгерлер, айлык маянын аздыгы жана эскилиги жеткен жабдуулардын абалы тууралуу нааразычылыгын билдиришкен.

“Албетте, мен бул кайрылууну окудум. Биз расмий жана формалдуу эмес түрдө кайрылган дарыгерлерден ушундай каттарды дайыма кабыл алабыз. Бул кайрылуу анонимдүү жарыяланыптыр. Бирок министрликке медицина кызматкерлеринен да расмий кайрылуулар түшүп турат”, - деди министр.

Анын айтымында, бардык аймакта көтөрүлүп жаткан негизги маселелердин бири - айлык маянанын аздыгы.

“Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 22-23 миң сом, медайымдар 15-17 миң сом алышат. Бул негизги сандар, бирок бийиктикке, алыстыкка, категорияга, квалификацияга ж.б.у.с коэффициенттерди эске алганда, айрым учурларда эмгек акы 30 миң сомго чейин жетет.

Жыл сайын аз да болсо айлык маяналар өсүүдө. Президенттин жарлыгы менен төрт адистикке – педиатр, анестезиолог, хирург жана реаниматологдорго кошумча төлөмдөр каралган. Мындан тышкары алыскы аймактарга иштегени барган дарыгерлерге 20 миң сомдон кошумча акы төлөнөт”, - деди Чечейбаев.

Министр ошондой эле бул төлөмдөрдү токтотуу тууралуу маалыматтарга комментарий берди.

“Учурда социалдык тармактарда төлөмдөр убактылуу токтотулду деген маалымат тарап жатат. Саламаттык сактоо министрлигинен жөнөтүлдү” деген сөзгө байланыштуу техникалык суроо жаралган. Көрсө, дарыгер Саламаттык сактоо министрлигинин жолдомосу жок эле аймакка өз алдынча иштегени барса, формалдуу түрдө бул мыйзамсыз деп эсептелет экен. Дарыгер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жөнөтүлдүбү же өз алдынча кеттиби, айырмаланбасын деген сунушту киргизгенбиз. Негизгиси ал дефицит зонасында иштеши керек. Жакынкы аралыкта бул маселе чечилип, төлөмдөр улантылат деп ойлойм”, - деди ал.

Эркин Чечейбаев медициналык жабдуулар маселесине да өзүнчө токтолду.

Анын айтымында, медицина илим жана техника менен катар өнүгөт.

“Мурда биз кадимки УДИ жабдууларын сатып алган болсок, азыр санарипке өтүшүбүз керек. Заманбап жабдууларга болгон муктаждык жогору бойдон калууда жана биз бул деңгээлге жетишибиз керек”,-деп белгиледи ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы ошондой эле жакында Дүйнөлүк банк менен келишим ратификацияланганын, ага ылайык, алгачкы медициналык-санитардык жардамды колдоонун алкагында Кыргызстанга жалпы практикалык дарыгерлер үчүн 49 заманбап жабдуулар алынып келе турганын билдирди. Ал белгилегендей, жеткирүү иштери ушул жылдын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, ал жаңы медициналык мекемелерди куруу пландары менен бөлүштү.

“Албетте, бир жылда баарын ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бизге убакыт керек. Жакынкы эки жарым жылдын ичинде биз жаңы ооруканаларды, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларындагы облустук борборлорду, облустук онкологиялык борборлорду курууну пландаштырдык. Ошондой эле Бишкек шаарында 3500-4000 орундуу медициналык шаарча куруу пландалууда. Ал заманбап көп тармактуу комплекс болот”, - деп жыйынтыктады саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.