Саламат жүрөк. Улуттук эксперттик борбор түзүлөт - Чечейбаев

Ден соолук Загрузка... 21 Ноябрь 2025 16:50
WhatsApp Image 2025-11-21 at 16.05.21.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. "Саламат жүрөк" улуттук программасынын алкагында Улуттук эксперттик борбор түзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" агенттигине билдирди.

Эркин Чечейбаев белгилегендей, борбор ар бир облустагы жана шаарлардагы катетердик лабораториялардан маалыматтарды алып турат.

"Эксперттик борбор Улуттук кардиология жана терапия борборунун негизинде түзүлөт. Алар район-облустарга бейтаптардын абалына жараша сунуш киргизе алат жана дарыгерлерге кеңеш берет", - деди министр.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон "Саламат жүрөк" улуттук программасы 2030-жылга чейин пландаштырылды.