Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Долон ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы 5-6 сантиметрге жетти.
№41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан таң аткандан бери жолду тазалоо иштери аткарылууда.
"Учурда каттам бар, жолго кум-туз себүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.