Сайра Ызакова юстиция министринин биринчи орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 19 Март 2026 17:21
654028793_18457275292098926_3492095117503993897_n.jpg
copyright icon Юстиция министрлиги

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Сайра Ызакова юстиция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Ал Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Юриспруденция" адистигин ийгиликтүү аяктаган.

Юстиция органдарынын тутумунда 15 жылдан ашык иш тажрыйбага ээ. Эмгек жолун 2010-жылы Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын адиси кызматынан баштаган, ошол жылдан тартып тармактык башкармалыктардын жетекчисине чейин мамлекеттик кызматтын бардык негизги баскычтарынан өткөн.