Саипбаев: Афганистандагы Кош-Тепе каналы Кыргызстандагы суунун көлөмүнө таасир этпейт

Пикир Загрузка... 03 Апрель 2025 10:31
2592689.1ca69b992512759b95b484a9212e3794.jpg
copyright icon WWW
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Афганистанда курулуп жаткан Кош-Тепе ​​каналы Кыргызстандагы дарыялардын агымына жана суу сактагычтардын толуусуна эч кандай таасир эте албайт. Бирок, жалпысынан Борбор Азия, өзгөчө Өзбекстан менен Түркмөнстан үчүн бул жагдай олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу эколог, талдоочу Бактыбек Саипбаев “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Нарын дарыясынын төмөнкү агымы Өзбекстанда Сырдарыя деп аталып, географиялык жактан Кыргызстандын тоолорундагы кичи дарьялардан түзүлөт.

"Ал эми Аму дарыя Памирден башталып, Тажикстан менен Афганистандын чектеш аймактарынан өтүп, андан кийин анын агымы Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосунда демаркация сызыгы болуп кетет. Ооба, бул эки дарыя соолуп, тайыз болуп калган Арал деңизине куят. Бирок, эки дарьянын булактары башка болгондуктан, бири-бири менен байланышпайт. Картада ачык көрүнүп турат, аралары жүз километрдей алыс.

Кош-Тепе ​​каналы тууралуу айтсак, ал Аму дарыядан суу алуу үчүн Афганистанда курулуп жатат. Демек, бул Кыргызстандын дарыяларындагы суусунун көлөмүнө жана суу сактагычтардын толушуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Биздин Нарындын буга тиешеси жок.

Бирок, алдын ала бул канал бүтүндөй Борбор Азия үчүн кыйынчылыктарды жаратат деп айтууга болот. Кош-Тепе каналы ​​Аму дарыясынын агымын 30 пайызга чейин кыскартып жибериши мүмкүн. Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан үчүн бул гидроэнергетикалык объектилердин, энергетика жана ирригациялык системалардын туруктуу иштеши үчүн коркунучтарды жаратат. Аму дарыясындагы суунун жетишсиздигин бүгүн жокко чыгарууга болбойт. Албетте, бул айыл чарба продукциясын өндүрүшүнүн кыскарышына алып келиши мүмкүн. Сугаты жок калган аянттарга дыйканчылык кылууга мүмкүн болбой калат.

Демек, жалпысынан биздин аймак үчүн деле көйгөй жаралат. Ал үчүн афган бийлиги менен диалог издөө зарыл. Кайтарылгыс экологиялык процесстерге жол бербей, аны болтурбоонун жолун издеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, трансчекаралык дарыялар маселесин чечишибиз керек”, - деди Бактыбек Саипбаев.