Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Бишкектеги Сагымбай манасчы көчөсүнө көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин көчмө жыйыны учурунда белгилүү болду.
Жыйындын алкагында калаа башчысы борбордун бир катар негизги инфраструктуралык объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты.
Белгилей кетсек, унаа токтотуучу инфраструктураны өнүктүрүү — мэриянын транспорттук абалды жакшыртуу, ошондой эле Бишкектин тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуулуктарды түзүү боюнча комплекстүү иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.