Сафлор майын өндүрүү 16 эсеге өсөт. Ак-Талаага Түркиядан жаңы жабдуулар келди

Аймак 03 Декабрь 2025 15:18
592943892_122195595230341273_3505488922456411027_n.jpg
593693099_122195595152341273_2961474045431273829_n.jpg
593583683_122195595110341273_5348695097909137007_n.jpg
593585990_122195595224341273_4458238993594012048_n.jpg
Алдыга
Артка
592943892_122195595230341273_3505488922456411027_n.jpg
593693099_122195595152341273_2961474045431273829_n.jpg
593583683_122195595110341273_5348695097909137007_n.jpg
593585990_122195595224341273_4458238993594012048_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Ак-Талаа районуна сафлор майын чыпкалоочу ишканага Түркия мамлекетинен жаңы өндүрүштүк жабдуулар алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабдуулар БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун каржылоосу менен алынды.

Жеке ишкер Акылбек Абдылдаевдин айтымында, жаңы линиянын мүмкүнчүлүгү суткасына 800 кг сафлор майын сыгууга жетет. Учурда жабдуулар орнотулуп, ишкана жакынкы күндөрү толук кандуу иштей баштайт.

Буга чейин ишкана кардарлардын суранычы боюнча күнүнө болгону 50 литрге чейин май чыгарып келген. 2023-жылдын күз мезгилинен бери иштеп келе жаткан ишкана өткөн жылы 5 тонна, быйыл болсо 10 тоннадан ашык сафлор уругун кайра иштеткен.
Учурда сафлор майынын 1 литри 200 сомдон сатылууда.

Жаңы жабдуулардын орнотулушу район аймагында кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.