Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Садырбай – Каратай унаа жолунун реконструкцияланып жаткан тилкесиндеги топурактын сапаты текшерилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө жолдун негизин түзгөн топурактын тыгыздыгын жана физикалык-механикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо максатында үлгүлөр алынды.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жолдун негизинин талаптагыдай тыгыздалгандыгын жана белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалоого мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, топурактын сапатын көзөмөлдөө жол курулушундагы негизги этаптардын бири болуп саналат жана жол жабуусунун ишенимдүүлүгүн, бекемдигин жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.