Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкөдө бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде айрыкча социалдык имараттардын курулуштары арбын: мектеп, спорт объекттеринен тартып турак жайларга чейин бар. Жол инфраструктураларынан баштап ири эс алуу жайларынын курулуштарына дейре уланууда. Бул ирет биз пайдаланууга бериле турган жана курулушу аяктаган объекттерди сүрөттөрү менен тааныштырабыз.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун негизги объектилеринин курулушу 2025-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда башталган.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушу жүрүүдө. 5 миңден ашык жумушчу жана атайын техникалар тартылган. Ошондой эле 50 көпүрөнүн ичинен 17синин, 602 суу өткөргүч түтүктүн 28инин курулуш иштери уланууда.

Ош облусундагы Кара-Кой жайлоосуна бара турган 25 чакырымга созулган жолду оңдоо пландалган. Кооз жаратылышта эс алууга көп туристтердин келишине ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектиги белгиленген.

Ош облусундагы Кара-Кой жайлоосуна баруучу жол асфальтталды. Кара-Койдун туристтик потенциалын өнүктүрүү концепциясынын презентациясы сунушталды. Мындай иштер жергиликтүү калкка жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталат.

Ош облусунда Ош - Ноокат жолу сыяктуу бир катар жолдор начар абалга келгени, ондоп-түзөө зарылдыгы айтылып келген.

Жыл башынан бери Ош облусунда 400 чакырымдан ашуун жол пайдаланууга берилди. 2024-жылы облус аймагында 144 чакырым жол салынган. Анын катарында эл аралык маанидеги Ош – Баткен – Раззаков автожолунун Ноокат – Кызыл-Кыя бөлүгү, ошондой эле көп жылдан бери көйгөй жаратып келген Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолдору бар.

Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы В. Кайкин атындагы орто мектеп 47 жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мындан улам жаңылоо иштери башталган.

Бүгүнкү күндө мектепте ондоп-түзөө иштери аяктоо алдында турат. Сырткы футбол, баскетбол жана волейбол талаасы салынды. Учурда мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө. Өлкө боюнча ондогон мектептерде ушундай эле ремонт иштери жүрүп, жаңы курулуштар да салынууда.

Нарын облусунун Кочкор районундагы стадионду реконструкциялоо керектиги айтылган. Советтер союзу маалынан бери стадион оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Стадион 1980-жылы курулган.

Кочкор айылында жайгашкан борбордук стадион азыр реконструкциядан өтүп жатат.

Долбоорго ылайык, стадион 4000ден ашык көрүүчүгө ылайыкталат. Чуркоо жолдору, футбол талаасы, VIP зонадан жана машыктыруучулар менен оюнчулар үчүн зарыл болгон спорттук бөлмөлөрдөн турат. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, унаа токтотуучу жай курулат. Жалпы аянты 2456,93 чарчы метр.
Азыр спорттук жайларда жүргүзүлүп жаткан иштердин максаты - улуттук стандарттарга жооп берген заманбап спорттук инфратүзүмдү түзүү. Ошондой эле алар райондук жана республикалык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталууда.

Ысык-Көл облусунда Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарын камтыган "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстери долбоору ишке ашырылууда. “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери экономикалык өсүштү, инфраструктуралык өнүгүүнү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү, жеке капиталды жана технологиялардын келишин, өлкө бюджетине салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн камтыган мамлекеттик маанидеги ири долбоор.
“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азияда эң ири курорттордун катарын толуктайт. Анда трассанын узундугу 250 чакырымга жетет. Жыл сайын эс алуу аймагына 2 млн турист келет деп айтылууда. 4600дөн ашык жумуш оруну түзүлөт.

Бүгүнкү күндө “Ала-Тоо Резорт” курортундагы асма аркан жол курулууда. Анда курулуп жаткан жана курула турган бардык объектилерди коопсуздук талаптарга шайкеш келтирүүгө жана эл аралык стандарттарга жооп бере турган курулуштарды жүргүзүүгө көңүл бурулат.

Кыргызстанда темир жол тармагын өнүктүрүү, өлкөнүн экономикасын бекемдөө, аймактарды байланыштыруу максатында жаңы темир жол магистралдарын куруу иштери башталган. Учурда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу Кочкор районунда уланууда.
Бул долбоорлор ишке ашса, өлкөнүн ички жана эл аралык транспорттук байланыштары кеңейип, соода-сатыкка жана туристтик агымга чоң түрткү берет.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Балыкчы-Кочкор темир жол линиясынын 38-60-чакырым аралыгындагы курулушу жүрүүдө. Балыкчы - Кочкор темир жолунун курулушун аяктоо 2026-жылдын экинчи жарымына пландаштырылган. Долбоорду ишке ашыруу транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатууга, аймактарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат.
Бишкектеги таштанды полигону дээрлик 50 жылдан ашуун убакыттан бери, СССР мезгилинен бери толуп, күйүп-түтөп, түтүнү шаарды каптап, экологиялык чоң көйгөй жаратып келген. Күн сайын жүздөгөн тонна таштанды төгүлүп, бирок кайра иштетилбей, топтоло берген.

Буга байланыштуу Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктады. Жакын арада пайдаланууга берилет. Президенттин тапшырмасы менен бул маселени чечүү иштери алгач полигондо күйүп-түтөп жаткан өрттү толук өчүрүүдөн башталды.

Андан соң таштандылар топурак менен көмүлүп, рекультивация жүргүзүлүп, бак-дарактар отургузулду. Бишкек шаарында суткасына болжол менен миң тоннадай таштанды чогулат. Завод күнүнө 1200 тонна таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүп чыгарат. Күйгүзүлгөн таштандылардын калдыгы болгон күлдөн курулуш материалдары чыгарылат. Мындай завод эми башка ири шаарларда дагы курулат.
Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл жайкысын да, кышкысын да эс алуучуларды кулачын кенен жайып тосуп алат. Туристтердин келишине ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн алгач жолду реконструкциялоо маселеси турган.

Буга байланыштуу учурда “Ысык-Көл айланма жолу” долбоорун ишке ашыруу улантылууда. Облустун түндүк жээгиндеги жалпы узундугу 184 чакырымга созулган жол кеңейтилип, төрт тилкелүү болуп жатат. Жарыктандыруу, тротуар, жаңы аялдамаларды куруу иштери да каралган. Ушундай эле иштер көлдүн түштүк тарабында да жасалууда.

Балыкчыдагы автобекет 1970-жылдары курулган. Узак жылдар бою ал жеке менчикте болгон. 2025-жылдын апрель айында автовокзал Балыкчы шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынган.

Балыкчы шаарындагы автобекетти толук реконструкциялоо башталган. Бардык аянттар оңдолуп-түзөлдү. Автобекетте жүргүнчүлөр үчүн мейманкана жана кызматкерлер үчүн жатакана иштейт. Айланасы көрктөндүрүлгөн. Заманбап күтүү залы, айдоочулар жана тейлөө кызматкерлери үчүн бөлмөлөр, диспетчердик бөлүмү да бар.

Балыкчыда Ысык-Көлдүн жээгиндеги шаардык пляждын абалы начар экендиги, эс алуучулар үчүн шарттарды жакшыртуу керектиги айтылып келген.

Эми анда инфраструктуралар жакшыртылып, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Шаардын кире беришинен тартып пляж аймактарына чейин жолдор оңдолуп, санитардык-гигиеналык жайлар орнотулду. Эс алуучулар үчүн тамактануучу жайлар, унаа токтотуучу жайлар көбөйтүлдү.

Бишкекте буга чейин Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын алып жүргөн стадион ремонт иштерине муктаж эле.

Ал капиталдык толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Ал эми анын жанына спорттук арена салынып, "Жаштык" аталышы ыйгарылып, пайдаланууга берилди. Спорт комплекс 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 15 миң 342 чарчы метрди түзөт.

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы Сыдык Айтматов атындагы орто
мектептин эски имараты жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.

Орто мектепке 500 окуучуга ылайыкташкан имарат курулду. Курулуш 133 млн сомго республикалык бюджеттен каржыланды.

Бишкектин Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан 47-абакты шаардан чыгаруу маселеси көтөрүлгөн. Мындан улам түрмө толугу менен бузулуп, орду бошотулган.

Эми бул жерде “Мурас” турак жай комплекси курулуп, ипотекалык батир алуу үчүн кезекте турган жарандарга берилип жатат. Учурда ал жерде миңдеген жарандар жашап жатат.

Белгилей кетсек, Комплекс ири долбоорлордун бири. Анда жалпы 4 745 батир, 39 блок салынат.