Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Загрузка... 06 Декабрь 2025 13:47
IMG_20251206_134909_673.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий диалогду тереңдетүүгө жана иш жүзүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара умтулууну ырасташты.

Лидерлер быйыл болгон өз ара мамлекеттик сапарлар маанилүү окуя болгонун жана кызматташуунун сапаттык жаңы баскычына өтүүнү, анын туруктуу жана узак мөөнөттүк өнүгүшү үчүн бекем негиз түптөлгөнүн белгилешти.