Садыр Жапаровдун Бахрейнге болгон алгачкы расмий сапары. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылды

Аналитика Загрузка... 22 Апрель 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Садыр Жапаров падыша Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу менен Бахрейнге биринчи жолу расмий сапар жасады.

Бахрейн - Перс булуңундагы 30дан ашык аралды ээлеген мамлекет. Байыркы убакта ири соода борбору болгон. Ал 19-кылымга чейин дүйнөдөгү кымбат баалуу бермет уулоосу менен байыртадан эле белгилүү өлкө. 628-жылы исламды кабыл алган алгачкы аймактардын бири болгон.

Бүгүн Бахрейн Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы эң бай өлкөлөрдүн бири. Экономикасы мунайга, газга, эл аралык банк иши жана туризмге таянат.

Кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки тарапты тең кызыктыра турган көп нерсе бар. Албетте, биринчиден бул соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелер.

Кыргызстан акыркы жылдары тышкы саясатта көп векторлук кызматташтыкка умтулган, саясий туруктуулукту сактаган, экономикада алгылыктуу өсүш жасап келе жаткан өлкө катары бир топ мамлекеттердин кызматташуу таризинде кызыгуу жараткан мамлекетке айланган. Дагы бир эки өлкөнү жакындаткан нерсе – бул руханий баалуулуктар жана ислам маданияты.

Ошондуктан, Кыргызстандын президентинин Бахрейнге болгон биринчи расмий сапары саясий жана экономикалык жактан өзгөчө мааниге ээ. Эксперттердин баамында, бул сапар эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы этабынын ачылышын гана билдирбестен, кызматташтыкты чыңдоого эки тараптын тең кызыкдар экенин көрсөтөт.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров белгилегендей, бүгүнкү күндө Бахрейндин “жашыл” энергетика, санариптештирүү жана исламдык каржылоо жаатындагы долбоорлорго кызыгуусу өзгөчө мааниге ээ.

«Бахрейн мунай секторунун жана жакшы өнүккөн банк секторунун аркасында абдан чоң каржы ресурстарына ээ. Булар экономикалык кызматташтык үчүн жакшы булак боло турган тармактар. Инвестицияларды тартуу маселелеринде Кыргызстан өзү үчүн инфраструктура, жол куруу, логистикалык борборлор жана, албетте, энергетикалык сектор сыяктуу долбоорлор. Президентибиздин иш сапары экономикалык кызматташууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргызстан үчүн жаңы базарлар ачылууда”,- дейт Абдыров.

Экономисттин айтымында, көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен фонддорду түзүү аркылуу өлкөбүзгө инвестиция тартууда кызматташуу маанилүү.

Кыргызстандын өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыковдун айтымында, расмий визит биринчи кезекте Кыргызстандын тышкы саясий географиясын кеңейтүүгө жана эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө умтулуусун билдирет.

«Эң маанилүүсү бул сапар эгемен Кыргызстан үчүн алгачкы расмий сапар болуп саналат. Кабыл алуучу Бахрейн өлкөсү бардык дипломатиялык протоколдорду сактады жана Бахрейн падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын өзү жолуккандыгы бул сапардын маанилүүлүгүнөн кабар берет. Албетте, бул окуяны тарыхый деп атоого болот, анткени расмий сүйлөшүүлөрдөн тышкары маданий программа да белгиленген», - дейт Данияр Сыдыков.

Анын айтымында, Бахрейн улуттук музейине баруу маданий дипломатияда негизги ролду ойнойт, эл аралык мамилелерди чыңдоого жардам берет.

«Бахрейн падышалыгы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун улуттук музейге чакыруусунун бир нече мааниси бар. Биринчиден, бул маданий мурастын символу жана ага баруу Бахрейндин бай маданий мурасына болгон сый-урматты көрсөтүп, элдердин өз ара түшүнүшүүсүнө өбөлгө түзөт. Экинчиден, музейге чакыруу эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү жана албетте, маданий баалуулуктарды алмашуу мамлекеттер ортосундагы достукту чыңдоо каалоосун билдирет”,-дейт Данияр Сыдыков.

Гуманитардык, билим берүү жана маданий байланыштарды тереңдетүү узак мөөнөттүү кызматташуу үчүн туруктуу платформаны түзөт.

Бахрейн үч чоң тарыхый-географиялык аймакка бөлүнөт жана бул бөлүнүү анын табигый шарттары, тарыхый өнүгүүсү административдик өзгөчөлүктөрү менен байланышкан. Бахрейн мунайга гана бай эмес, бул өлкөдө туризм тармагы да жакшы өнүккөнүн белгиледи Сыдыков.

"Бүгүн Бахрейн экологиялык жактан таза продукцияга кызыкдар. Мындан тышкары өлкө ири инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салууга даяр. Биз 9 документке кол коюлганын көрүп жатабыз, анын ичинде ар түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча меморандумдар бар.

Экономикадан соодага жана аба каттамдарын ачууга чейин ниеттер бул эки өлкөнүн ортосунда түз аба көпүрөсүн түзөт. Бул иш сапарды тарыхый деп эсептесе болот жана эгер кол коюлган бардык документтер ишке ашса, анда мага ишенип коюңуз, биз оң гана пайда көрөбүз”, - деп белгиледи ал.

Анын айтымында, Кыргызстан бүгүнкү күндө эл аралык аренада маанилүү оюнчу болуп, анын демилгелери илгерилеп, түшүнүү менен колдоо табат.

«Борбордук Азия бүгүнкү күндө ири мамлекеттердин кызыгуусун жаратып жаткан уникалдуу аймак. Соңку үч жылда аймактын кызматташуусу активдешип, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин бири, биздин президентибиз катышкан расмий иш сапары араб дүйнөсүнүн биздин аймакка болгон кызыгуусун айгинелейт», - деп кошумчалады ал.

Саясат таануучулар белгилегендей, бул сапар жөн гана символикалык акт эмес, экономикалык өсүштүн, эл аралык интеграциянын жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн кең келечегин ачкан маанилүү окуя.

Албетте, биринчи расмий сапар болгондуктан кол коюлган документтер – өз ара түшүнүшү жөнүндөгү меморандумдар. Бирок сапардын жогорку денгээлде өткөнү бардык тармактар боюнча эки тарап терең кызматташууга ниеттерин билдиришти. Себеби, эки мамлекеттин кызматташтыктын жогорку тепкичине чыгууга эрки да, каалоосу да бар.