Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Талас облусунун Талас шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чаралар өттү.
Шаардын борбордук аянтындагы салтанат ”Тарых изи: жаралуудан келечекке” аттуу театралдаштырылган көрсөтмө коюу менен башталды. Анда бий, музыка жана визуалдык эффекттер аркылуу кыргыз элинин тарыхынын негизги этаптары — байыркы мезгилдер жана Манас доорунан тартып Үркүн трагедиясына, советтик мезгилге, эгемендүүлүктүн алгачкы оор жылдарына, базар экономикасынын дооруна жана массалык миграцияга чейинки тарыхый окуялар баяндалды.
Көрсөтмөнүн жыйынтык бөлүгү азыркы Кыргызстанга жана жаңы муунга арналды. Ар кайсы тарыхый доорлордун каармандары биригип, муундардын уланмалуулугун, улуттук биримдикти, эгемендүүлүктү, эркиндикти жана өлкөнүн келечегине болгон ишенимди символдоштурду.
Театралдаштырылган көрсөтмөдөн кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө эгемендүү Кыргызстандын 35 жылдык жолунун жыйынтыгын чыгарып, өлкөнү экономикалык жактан күчтүү, заманбап жана өз алдынча мамлекетке айлантуу багытындагы стратегиялык милдеттерге токтолду.
Президент мындан аркы өнүгүүнүн негизин улуттук биримдик, тарыхый жана руханий мурастарды сактоо, туруктуу экономикалык өсүш, инфраструктураны өнүктүрүү, адамдык потенциалды чыңдоо жана өлкөнүн келечегине жоопкерчиликтүү мамиле түзүүгө тийиш экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн кийинки 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленерин айтты.
Майрамдык иш-чаралар кыргыз жана дүйнөлүк эстрада аткаруучуларынын катышуусундагы концерттик программа менен уланды.