Садыр Жапаровду Египетке ким коштоп кетти? Делегациянын курамы

Президент Загрузка... 04 Ноябрь 2025 11:50
2024-10-01_11-15-28.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 4-ноябрда президент Садыр Жапаров Египет Араб Республикасына расмий сапар менен президент Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча учуп кетти.

Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, эки тараптуу документтерге кол коюу, ошондой эле соода-экономика, инвестиция, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты талкуулоо пландалууда.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

  • Садыр Жапаров — Кыргыз Республикасынын президенти;
  • Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
  • Сагынбек Абдумуталип — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Улукбек Марипов — Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгында жана Египет Араб Республикасындагы элчиси;
  • Мелис Тургунбаев — Улуттук банктын төрагасы;
  • Бактияр Орозов — илим, жогорку билим жана инновациялар министри;
  • Медер Машиев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
  • Азамат Жамангулов — санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
  • Бакыт Сыдыков — экономика жана коммерция министри;
  • Азамат Юсупов — президентке караштуу дин жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору.