Садыр Жапаров жумуш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат

Президент Загрузка... 20 Март 2025 10:05
IMG_3482.png
copyright icon Султан Досалиев

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 20-21-мартта Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Мамлекет башчысы Баткенде И. Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кирпич заводдун ачылыш аземдерине, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышат”,-деп айтылат маалыматта.