Садыр Жапаров жаш футболчу менен жолугушту

Президент 857 06 Июнь 2026 21:30
FB_IMG_1780761275644.jpg
FB_IMG_1780761290882.jpg
FB_IMG_1780761288641.jpg
FB_IMG_1780761286399.jpg
FB_IMG_1780761284185.jpg
FB_IMG_1780761278944.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1780761275644.jpg
FB_IMG_1780761290882.jpg
FB_IMG_1780761288641.jpg
FB_IMG_1780761286399.jpg
FB_IMG_1780761284185.jpg
FB_IMG_1780761278944.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, Кыргызстан менен Палестинанын курама командаларынын жолдоштук беттеши алдында 11 жаштагы футболчу Нурсейит Абдыев жана анын апасы Рыскул Ашырапкулова менен жолугушту.

Нурсейит Абдыев Бишкекте жашайт, №60 орто мектебинде окуйт, "Дордой" клубунун балдар командасында машыгып, футбол менен активдүү алектенет, ошол эле учурда сүрөт тартууга да кызыгат.

Апасынын айтымында, Нурсейит бул жолугушууну үч жыл күткөн жана президент менен сүйлөшүп жатканда абдан толкунданып турду.

Мамлекет башчысы жаш футболчуга белектерди тапшырып, окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалады.