Садыр Жапаров жана Владимир Путин Бишкекте Өчпөс отко гүлчамбар коюшту

Президент 1856 25 Ноябрь 2025 21:00
photo_5271765970512973793_w.jpg
photo_5271765970512973794_w.jpg
589361595_1406297714838192_3838705234331399266_n.jpg
589818531_1406297741504856_5745956664828362015_n.jpg
590349123_1406297551504875_2861454525151231003_n.jpg
589121668_1406297481504882_7793347433620343639_n.jpg
588554356_1406297458171551_5630660272750846864_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 25-ноябрда Россия лидеринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарында Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту.

Аскердик оркестрдин коштоосунда гвардиячылар мемориалга гүлчамбарларды коюп, андан соң мамлекет башчылар баш ийип, курман болгон баатырларды эскеришти.

Гүлчамбар коюу Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен аяктап, үч жолу ок атылды.