Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда УКМКнын окуу-машыгуу борборун ачты

Президент 1947 27 Октябрь 2025 17:40
photo_5474233039535078886_y (1).jpg
photo_5474233039535078910_y.jpg
photo_5474233039535078909_y.jpg
photo_5474233039535078908_y.jpg
photo_5474233039535078907_y.jpg
photo_5474233039535078906_y.jpg
photo_5474233039535078904_y.jpg
photo_5474233039535078902_y.jpg
photo_5474233039535078901_y.jpg
photo_5474233039535078900_y.jpg
photo_5474233039535078899_y.jpg
photo_5474233039535078898_y.jpg
photo_5474233039535078897_y.jpg
photo_5474233039535078896_y.jpg
photo_5474233039535078895_y.jpg
photo_5474233039535078894_y.jpg
photo_5474233039535078892_y.jpg
photo_5474233039535078891_y.jpg
photo_5474233039535078890_y.jpg
photo_5474233039535078889_y.jpg
photo_5474233039535078888_y.jpg
photo_5474233039535078887_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5474233039535078886_y (1).jpg
photo_5474233039535078910_y.jpg
photo_5474233039535078909_y.jpg
photo_5474233039535078908_y.jpg
photo_5474233039535078907_y.jpg
photo_5474233039535078906_y.jpg
photo_5474233039535078904_y.jpg
photo_5474233039535078902_y.jpg
photo_5474233039535078901_y.jpg
photo_5474233039535078900_y.jpg
photo_5474233039535078899_y.jpg
photo_5474233039535078898_y.jpg
photo_5474233039535078897_y.jpg
photo_5474233039535078896_y.jpg
photo_5474233039535078895_y.jpg
photo_5474233039535078894_y.jpg
photo_5474233039535078892_y.jpg
photo_5474233039535078891_y.jpg
photo_5474233039535078890_y.jpg
photo_5474233039535078889_y.jpg
photo_5474233039535078888_y.jpg
photo_5474233039535078887_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түптөлгөнүн эске салды.

Ошол мезгилден баштап улуттук коопсуздук органдарынын “Альфа” тобу өзүнүн өзгөчө ишмердигин үзгүлтүксүз аткарып келет.

“1999-жылдын август-ноябрь айларында “Альфа” атайын операциялар бөлүмү Баткен облусуна кирген эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу жана аскер кызматчыларынын коопсуздугун камсыз кылуу милдеттерин аткарган. Тоолуу аймакта бандалык түзүлүштөрдү ыкчам издөөгө, буктурмага алуу менен жок кылууга жигердүү катышкан”, - деп белгиледи президент.

Ал бөлүк эл аралык терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң тажрыйбага ээ экенин, экстремисттерди жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу, ошондой эле баңги синдикатынын жана террористтик уюмдардын лидерлерин кармоо боюнча операцияларды жүргүзгөнүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы быйылкы жылдын башында УКМКнын жетекчилигинин демилгеси менен Атайын багыттагы кызматтын окуу-машыгуу борборунун курулуш иштери башталганын билдирди.

“Кызматтын өздүк курамын чыңдоо максатында заманбап техникалар, акыркы үлгүдөгү аппараттар алынып берилүүдө. Борбордун базасында Жалал-Абад облусунун күч түзүмдөрү менен жарандык коргонуу түзүмдөрү да өздөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча окуу-машыгууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы атайын багыттагы бөлүктүн согуштук даярдыгын жогорулатуу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, окуу-машыгуу борборунун имаратын көрүп чыкты.

Президент «Альфа» жоокерлеринин шарттуу террористтерди жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу көнүгүүлөрү боюнча тактикалык машыгууларын да көрдү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров бута атышуучу жерге барып, FPV-дрондор колдонулган практикалык сабактарга катышып, бөлүктүн жогорку даярдыгын жана заманбап техникалык жабдылышын белгилеп өттү.