Садыр Жапаров Японияга иш сапары менен барды

Президент 1495 18 Декабрь 2025 17:40
photo_5341359219690639100_y.jpg
photo_5341359219690639101_y.jpg
photo_5341359219690639105_y.jpg
photo_5341359219690639103_y.jpg
photo_5341359219690639104_y.jpg
photo_5341359219690639106_y.jpg
photo_5341359219690639102_y.jpg
photo_5341359219690639099_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5341359219690639100_y.jpg
photo_5341359219690639101_y.jpg
photo_5341359219690639105_y.jpg
photo_5341359219690639103_y.jpg
photo_5341359219690639104_y.jpg
photo_5341359219690639106_y.jpg
photo_5341359219690639102_y.jpg
photo_5341359219690639099_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбор Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Токио шаарындагы “Ханеда” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн.

Президент Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысынын Япониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өтөт.