Жапаров Ваагн Хачатурянды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды

Саясат 16 октябрь 2026 18:40
Жапаров Ваагн Хачатурянды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында Ереван шаарында Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар экономика, инвестициялар, транспорт, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Атап айтканда, маалыматтык технологиялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана жасалма интеллект тармагында биргелешкен ишкана түзүү демилгесин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү белгиленди.

Президент Садыр Жапаров бул сапар тарыхтагы Кыргыз Республикасынын президентинин Арменияга алгачкы расмий сапары экенин айтып, ал эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним артты.

Кыргыз мамлекетинин башчысы саясий диалогду мындан ары чыңдоонун, аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүнүн, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана тоо экосистемаларын сактоо жаатындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Армениянын президенти Ваагн Хачатурянды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.