Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту

Президент 2891 28 Апрель 2025 17:20
493965079_9756821831031072_8626287628579909633_n.jpg
493863456_9756821804364408_8180589683561797719_n.jpg
493656826_9756821874364401_8985295588632067699_n.jpg
493831708_9756821657697756_6901069193493487712_n.jpg
Алдыга
Артка
493965079_9756821831031072_8626287628579909633_n.jpg
493863456_9756821804364408_8180589683561797719_n.jpg
493656826_9756821874364401_8985295588632067699_n.jpg
493831708_9756821657697756_6901069193493487712_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар стратегиялык кызматташтыкты, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоону, ошондой эле ар кыл багыттагы эки жактуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчысы боордош Түркия менен өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн пайдаланылбаган зор потенциал бар экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Нуман Куртулмуш жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, президент Садыр Жапаровго Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жылуу саламын айтып, боордош республиканын элине терең урмат-сый билдирди.

Ал түрк тараптын ар кыл чөйрөлөрдө эки жактуу кызматташууну, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууда жигердүү катышууга даярдыгын ырастады.