Садыр Жапаров ТМУ миссиясын парламенттик шайлоого байкоочу катары чакырды

Президент 1522 07 Октябрь 2025 17:25
WhatsApp Image 2025-10-06 at 17.31.25 (3).jpeg
DOS_8368 (1).jpg
DOS_8369 (2).jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-10-06 at 17.31.25 (3).jpeg
DOS_8368 (1).jpg
DOS_8369 (2).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн миссиясын Кыргызстанда 30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы бүгүн, 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 12-саммитинде айтты.

Белгилей кетсек, 30-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. 30 округдун ар бириндеги үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Жалпысынан 90 депутат парламентке шайланып келет.

БШКнын маалыматына ылайык, өлкө боюнча алдын ала тизмеге 4 млн 287 миң 222 шайлоочу кирди. Шайлоо күнү 2492 шайлоо участкасы ачылат.