Бишкек, 27.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров таштандыдан электр кубатын өндүрүүчү заводдун ачылышында катышуучуларды заводдун инвесторлору менен тааныштырды.
Өлкө башчысынын айтымында, Кыргызстан бул маселени чечүүдө бир канча убакыт башка мамлекеттердин тажрыйбаларын изилдеген.
“2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын делегациясы Кытайдын Чанша шаарына барып, узак убакыттан бери таштанды иштетүүчү “Хунань Цзюнсин” компаниясынын тажрыйбасы менен дагы таанышып келишкен.
Аталган компания узак убакыт бою катуу тиричилик калдыктарын комплекстүү кайра иштетүү, шаардагы саркынды сууларды, полигондордун чыпкаларын тазалоо боюнча иш жүргүзгөн, инвестиция жана курулуш, технологиялык изилдөө жана иштеп чыгуу, ыкчам башкаруу сыяктуу ар кандай иш-аракеттердин түрлөрүн жүзөгө ашырган жогорку технологиялуу ишкана экендиги тууралуу маалымат беришкен.
Натыйжада 2024-жылы минкаб “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) менен инвестициялык макулдашууга кол койгон”,-деди өлкө башчысы.
Ошондой эле ал “Жаңы ишканаларды ачууга жана токтоп турган ишканаларыбызды жандандырууга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, инвесторлор тартылат”, - деп белгиледи.