Садыр Жапаров Ташкентте Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Президент 2277 15 Ноябрь 2025 21:06
IMG_20251115_210549_838.jpg
IMG_20251115_210549_624.jpg
IMG_20251115_210550_006.jpg
IMG_20251115_210549_269.jpg
IMG_20251115_210549_342.jpg
IMG_20251115_210549_566.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20251115_210549_838.jpg
IMG_20251115_210549_624.jpg
IMG_20251115_210550_006.jpg
IMG_20251115_210549_269.jpg
IMG_20251115_210549_342.jpg
IMG_20251115_210549_566.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маселелери, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык алакаларды, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү талкууланды.

Тараптар туруктуу өнүгүүнү жана аймактык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, эки жана көп жактуу форматта да өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров президент Шавкат Мирзиёевге кыргыз тилине которулган "Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу" аттуу китепти тапшырды.