Садыр Жапаров Таластагы төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына катышты

Президент 12 сентябрь 2026 14:40
802811115_1577203360527195_3448119685970380273_n.jpg
802561444_1690506342592752_5125112664250177795_n.jpg
802699694_1092364709829312_1476551376179369896_n.jpg
805937227_1230765675906791_5380891422239629039_n.jpg
805958669_1059385363613457_4107451968784349535_n.jpg
806023153_1957266181624914_3702047929058557664_n.jpg
806035548_2871726379872900_2153430055010352255_n.jpg
806083075_28231598646503244_8597755894853659877_n.jpg
806095252_1556204438983051_3416625214734695427_n.jpg
806366045_1551970889565692_867024773808458107_n.jpg
806142253_4365343533730701_4990429443965084831_n.jpg
806429423_1393531162285434_6035069626739320669_n.jpg
Алдыга
Артка
802811115_1577203360527195_3448119685970380273_n.jpg
802561444_1690506342592752_5125112664250177795_n.jpg
802699694_1092364709829312_1476551376179369896_n.jpg
805937227_1230765675906791_5380891422239629039_n.jpg
805958669_1059385363613457_4107451968784349535_n.jpg
806023153_1957266181624914_3702047929058557664_n.jpg
806035548_2871726379872900_2153430055010352255_n.jpg
806083075_28231598646503244_8597755894853659877_n.jpg
806095252_1556204438983051_3416625214734695427_n.jpg
806366045_1551970889565692_867024773808458107_n.jpg
806142253_4365343533730701_4990429443965084831_n.jpg
806429423_1393531162285434_6035069626739320669_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты.

Таластагы долбоорду ишке ашырууга 200 млн сом салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты түзөт жана 100 жумуш орду түзүлгөн. Ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылган. Өндүрүлгөн продукциянын сапаты жана коопсуздугу өзүнүн лабораториясында көзөмөлдөнөт.

Иш-чаранын алдында Садыр Жапаров заводдун инфраструктурасы, даяр продукция менен таанышып, технологиялык жабдууларды ишке киргизди.

Президент өз сөзүндө Талас өрөөнүнүн түшүмдүү жерлери жана жагымдуу жаратылыш шарттары айыл чарбасын, өзгөчө баалуу техникалык жана дан буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүүнү өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.

“Таластык мээнеткеч дыйкандардын маңдай теринен жаралган түшүмдү бир топ жылдан бери жөн гана сырьё катары сыртка сатылып келе жатты эле. Эми өзүбүздө кайра иштетип, даяр продукцияга айландыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп жатабыз.

Албетте, бул – абдан маанилүү иш. Анткени өндүрүш бар жерде – жумуш орду бар. Жумуш орду бар жерде – үй-бүлөнүн кирешеси, айылдын экономикасы жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү өсөт. Дыйкан өзүнүн продукциясына туруктуу рынок таба алса, жерин иштетүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана өндүрүштү кеңейтүүгө дагы көбүрөөк кызыкдар болот эмеспи”, - деди мамлекет башчысы.

Ал бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүштү өнүктүрүүгө, ишкерлерге шарт түзүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл буруу уланып жатканына токтолду.

“Эгемендигибиздин 35 жылдыгына карата өлкөбүз боюнча бир эле учурда бир канча объектилердин ишке кирип жатканы –мунун ачык далили.

Бүгүн курулуш материалдарын өндүрүү, логистика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика жана башка багыттардагы онлайн ачылып жаткан 60 өнөр жай обьектиси, жыл соңуна чейин ачыла турган дагы 50дөй обьекти жаңы ата мекендик продукциялардын жаралышын шарттайт, кошумча жумуш орундары түзөт, экспорттук дараметибизди арттырат. Мына ушундай өндүрүштүк чынжыр Кыргызстандын экономикасын бекемдейт!

Бул өндүрүш обьектилери – маарекелик иш-чарага карата эле жасала калган иш эмес. Алар өлкөбүздө өндүрүштү жандандырууга багытталган буга чейинки системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы”, - деп белгиледи президент.

Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы тургундар менен баарлашып, аларды тынчсыздандырган айыл аймактарын өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана калктуу конуштарды мындан ары өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди укту.