Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Президент 11 сентябрь 2026 11:05
803370563_1261925177008833_27402361208968485_n.jpg
801938847_988384577599784_3233341304227174529_n.jpg
802030643_28279077835079909_1681771535034625137_n.jpg
804365632_1737627624140156_5361977810858093580_n.jpg
805696838_1809844983363341_8771473201344237346_n.jpg
805885662_1622879639190258_5182348451924367214_n.jpg
805900623_4120891448209626_5655578036733825457_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарына арналган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Долбоор Талас шаарынын коомдук транспорт системасын жаңыртуу жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда.

Электробустарды үзгүлтүксүз пайдаланууну камсыз кылуу үчүн аларга керектүү кубаттоо станциялары жеткирилди. Аларды орнотуу жана электробустарды токтотуу үчүн "Талас автобекети" мекемесинин аймагында атайын жайлар даярдалды.

Учурда Талас шаарынын ичинде, ошондой эле шаарга жакын жайгашкан айылдарга жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы каттамдардын схемалары жана жүрүү графиктери иштелип чыгууда.

Жаңы электробустардын ишке кириши коомдук транспорттун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, калкты транспорт менен тейлөөнү жакшыртат жана жүргүнчүлөр үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Долбоор ошондой эле абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана энергияны натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жалпысынан автобус паркын жаңылоо Талас шаарында тургундардын муктаждыктарына жооп берген, заманбап жана ыңгайлуу жүргүнчүлөрдү ташуу системасын түзүүнү, ошондой эле шаардык инфраструктураны жакшыртууну шарттайт.