Садыр Жапаров Сузакта 153 жаранга ипотекалык батирдин ачкычын тапшырды

Президент 28 октябрь 2025 11:01
Садыр Жапаров Сузакта 153 жаранга ипотекалык батирдин ачкычын тапшырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу салтанатына катышты.

Анда үй алуу үчүн кезекке турган 153 жаранга ак өргөлөрдүн ачкычтары тапшырылды.

“Асман Резиденс-4” турак жай комплексинде 9 кабаттуу 12 үй курулуп, жалпы 945 батирди камтыйт.