Садыр Жапаров: "Санарип сом" долбоорун ишке ашыруу – эң маанилүү кадамдардын бири

Президент Загрузка... 28 Октябрь 2025 14:23
2.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. "Санарип сом" долбоорун ишке ашыруу – эң маанилүү кадамдардын бири болуп саналат, - деди президент Садыр Жапаров Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде.

Өлкө башчысы аземде Улуттук банкка заманбап багыттагы иш-аракеттерди күчөтүү, инновацияны өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды бергенин белгиледи.

"Анын ичинде "Санарип сом" долбоорун ишке ашыруу – эң маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Бул долбоор төлөм системаларынын коопсуздугун жана ылдамдыгын жогорулатып, жарандарга каржы кызматтарын ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат",- деди президент.