Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент 1815 21 Декабрь 2025 01:03
IMG_9849.jpeg
IMG_9850.jpeg
IMG_9851.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_9849.jpeg
IMG_9850.jpeg
IMG_9851.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана финансылык кызматташтыкты тереңдетүүнү, каботаждык ташууларды өнүктүрүүнү, энергетика тармагындагы кызматташтыкты, ошондой эле КМШ багыты боюнча өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо пландаштырылууда.

Сапардын жыйынтыгы боюнча ЖЕАК жыйынынын күн тартибинин алкагында тиешелүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.