Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент 1 сентябрь 2026 17:40
791102828_1765334811182373_4075990889172171586_n.jpg
793212420_1083777874256601_9127432482101375887_n.jpg
Алдыга
Артка
791102828_1765334811182373_4075990889172171586_n.jpg
793212420_1083777874256601_9127432482101375887_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар ар кыл багыттардагы стратегиялык өнөктөштүк менен мүнөздөлгөн жана эки жактуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда активдүү өнүгүп жаткан кыргыз-түрк мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилешти.

Соода-экономикалык жана инвестициялык, билим берүү, саламаттык сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жана башка багыттар сыяктуу келечектүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин ырасташты.