Садыр Жапаров Путин менен жолугушууда мигранттардын маселесин көтөрдү

Президент Загрузка... 26 Ноябрь 2025 17:39
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Садыр Жапаров Путин менен жолугушууда мигранттардын маселесин көтөрдү.

"Россиянын аймагындагы кыргызстандыктардын мыйзамдуу түрдө болушун камсыз кылуу, аларга татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө жана каралган социалдык кепилдиктерди берүүгө эки тараптын тең кызыкдар экени ырасталды", - деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, бул маанилүү багытта компетенттүү министрликтердин линиясы боюнча мындан ары да иштерди улантуу макулдашылды.