Садыр Жапаров Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды

Президент 2879 13 Октябрь 2025 18:30
549175598_1366095958858368_8498385181295162261_n.jpg
559472191_1366095922191705_7940730769136925403_n.jpg
559530269_1366095918858372_4410114693016414037_n.jpg
559558699_1366096005525030_2351600978333491694_n.jpg
560448896_1366096085525022_4427821723952191841_n.jpg
561295593_1366095968858367_4580999203770195115_n.jpg
561631346_1366096072191690_3864226913561619069_n.jpg
565191362_1366096032191694_5136316263179918774_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Пакистан эл аралык жана регионалдык мамилелер системасында маанилүү орунду ээлей турганын жана Кыргызстан Пакистан менен эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Президент Кыргызстан Пакистан менен соода, энергетика, өнөр жай жана медицина тармактарында кызматташууга, инвестициялык долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга умтулаарын ырастады.
“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода карым-катнашты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп баса көрсөттү ал.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгынын маанилүү багыттарынын бири – өлкөлөрүбүздүн транспорттук-транзиттик потенциалын натыйжалуу пайдалануу болуп саналарын кошумчалады.

Ошондой эле мамлекет башчысы Пакистан менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдарлык билдирди.

Өз кезегинде Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Хан жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

Элчи Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара алакалар жакынкы жылдарда эки өлкөнүн жетекчилигинин биргелешкен аракеттеринин аркасында жаңы дем алаарына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоо максатында эки жана көп тараптуу деңгээлде активдүү кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.