Садыр Жапаров Оштогу жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты

Президент 1104 05 Октябрь 2025 13:44
559019858_1357699079698056_8284709793776250212_n.jpg
559284935_1357699383031359_4715849122804193910_n.jpg
559313486_1357699086364722_3212416927814448703_n.jpg
560349687_1357699266364704_4835475216174882942_n.jpg
560456478_1357699233031374_8656610818012490259_n.jpg
560549914_1357699366364694_1955427365554928755_n.jpg
561211186_1357699113031386_1252090808430973749_n.jpg
561386704_1357699359698028_510287842889120301_n.jpg
558160615_1357699203031377_81459709133377778_n.jpg
558197520_1357699176364713_67533548260386603_n.jpg
558304486_1357699136364717_3204606969313460058_n.jpg
558333852_1357699283031369_5628034430766915067_n.jpg
558626953_1357699143031383_7831182336972702171_n.jpg
558657860_1357699196364711_7282302028531240701_n.jpg
558697754_1357699329698031_1633860295181907689_n.jpg
558942770_1357699103031387_4699329021291207887_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук аянтында шаар күнүнө карата орнотулган жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы шаардыктарга жана меймандарга кайрылып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу — биздин көз карандысыздыгыбыздын, эгемендигибиздин, элибиздин биримдигинин ыйык белгиси экенин белгиледи.

Ал тарыхый фактылар кыргыз элинин тууга болгон мамилеси жөн гана символ эмес, дүйнөтааным менен турмуш философиясынын бир бөлүгү болгонун тастыктап турганын баса көрсөттү. Эзелтен кыргыз эли тууну ыйык тутуп, аны урушка чыкканда бийик көтөрүп, жоокерлерге дем берген. Эл-жеринин эркиндиги үчүн башын сайган эрлерибиз кызыл туунун алдында ант беришкен.

Президент шаардын так ортосуна мамлекеттик туубузду 95 метр бийиктикке көкөлөтө көтөрүү менен Ош шаарынын 3025 жылдыгын белгилөө башталып жатканына өзгөчө көңүл бурду. Ал тарыхка кайрылып, улуу Кытайдын Чжан Цянь деген саякатчысы Эркеч-Там аркылуу дал ушул биздин Ош шаарыбызга түшүп, Давань мамлекетине өткөнү да Ош шаарынын байыркылыгынан, тогуз жолдун тоому болгонунан кабар берип турарын эске салды.

Ал Ош шаары аркылуу Чыгыш менен Батыштын соода кербендери өтүп, ал сооданын, кол өнөрчүлүктүн жана маданияттын борбору болгону алыс-жакын чөлкөмдөргө жакшы маалым экенин белгиледи.

Президент орто кылымдардан бери Ош илим-билимдин чордонунда болуп келгенин кошумчалады. Мында XII кылымда бул жерде даанышман илимпоздор, дин аалымдары, акындар - Омар ибн Муса аль-Оши, Сиражудин Али ибн Осман аль-Оши, Мухаммад Абу Абдуллах аль-Оши жана башкалар жашап, бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө таанылган. Алар ушул ооматтуу жерден билим алып, дүйнөгө илим тараткан.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Ош шаары өлкөбүздүн экинчи борбору катары мамлекетибиздин өнүгүүсүнө стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен Ош шаарына - техникаларды жаңылоого жана социалдык объектилердин курулушуна 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү.

Ал бул мамлекетибиздин Ош шаарына жасаган өзгөчө мамилеси, элибиздин турмушун жакшыртууга болгон камкордугу экенин баса белгиледи.

“Биздин максатыбыз – көп этностуу шаар калкын, келечегибиз болгон Ош шаарынын жаштарын ар тараптан колдоо болуп саналат. Биз мындай камкордугубузду мындан ары да улантабыз”, - деди мамлекет башчысы.

Президент бүгүнкү Туу көтөрүү салтанаты улуу максаттарга карай жасалган ишенимдүү кадамдардын бири болушун каалады.

“Ордолуу Ош шаарынан эл аралык айдыңда кыргыз туусун бийик желбиреткен эр азамат уул-кыздарыбыз көп чыксын!”, - деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Иш-чаранын соңунда Ош шаарынын жана Ош облусунун күч түзүмдөрүнүн парады болуп өттү.