Садыр Жапаров Ош шаарын өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлдү

Аймак 5 октябрь 2026 10:15
Садыр Жапаров Ош шаарын өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлдү
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын күнүнө карата калаанын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында 2 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев Ош шаарынын 3026 жылдыгын белгилөө аземинде билдирди.

Бул каражат шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, инфраструктурасын жаңылоого жана масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Эске салсак, кун мурун А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо шаардын күнүнө арналган майрамдык иш-чара масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталган эле.