Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Нарын шаарынын 158 жылдык мааракесине карата борбордук аянтта чоң концерт өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта манасчы, акын жана эстрада ырчыларынын катышуусунда чоң программадагы концерт уюштурулду.
Маданий иш-чара президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду.