Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында StoneX Group корпорациясына барды

Президент 22 сентябрь 2026 08:05
IMG_2742.jpeg
IMG_2743.jpeg
IMG_2745.jpeg
IMG_2746.jpeg
IMG_2747.jpeg
IMG_2748.jpeg
IMG_2750.jpeg
IMG_2751.jpeg
IMG_2752.jpeg
IMG_2753.jpeg
IMG_2754.jpeg
IMG_2755.jpeg
IMG_2756.jpeg
IMG_2757.jpeg
IMG_2758.jpeg
IMG_2759.jpeg
IMG_2760.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2742.jpeg
IMG_2743.jpeg
IMG_2745.jpeg
IMG_2746.jpeg
IMG_2747.jpeg
IMG_2748.jpeg
IMG_2750.jpeg
IMG_2751.jpeg
IMG_2752.jpeg
IMG_2753.jpeg
IMG_2754.jpeg
IMG_2755.jpeg
IMG_2756.jpeg
IMG_2757.jpeg
IMG_2758.jpeg
IMG_2759.jpeg
IMG_2760.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарындагы StoneX Group кеңсесине барып, корпорациянын жетекчилиги менен жолугушту.

Кеңсеге баруу учурунда мамлекет башчысы StoneX Group компаниясынын ишмердигинин негизги багыттары, анын эл аралык финансылык инфраструктурасы жана дүйнөлүк финансылык жана товардык рыноктордогу иш тажрыйбасы, ошондой эле корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларды тейлөө жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Андан соң президент компаниянын аткаруучу директору Филип Смит баштаган StoneX Group делегациясы менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен StoneX Group буга чейин баалуу металлдарды эл аралык соодалоо жаатында өз ара кызматташуу тажрыйбасына ээ экенин белгилешти. Мурунку жылдары түзүлгөн ишкердик алакалар жана компаниянын кыргыз рыногунун өзгөчөлүктөрүн билүүсү практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө негиз түзөт.

Буга байланыштуу тараптар өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын, анын ичинде баалуу металлдарды соодалоо, баалардын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди башкаруу, эл аралык эсептешүүлөр жана заманбап финансылык инструменттерди пайдалануу маселелерин талкуулашты.

StoneX Group компаниясынын эл аралык финансылык инфраструктурасын жана тажрыйбасын Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырууда пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз тарап америкалык инвестицияларды, технологияларды жана эл аралык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экенин билдирди. Ал компаниянын эл аралык финансылык жана товардык рыноктордогу тажрыйбасын эске алганда StoneX Group менен кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Филип Смит StoneX Group менен Кыргызстандын ортосундагы коммерциялык мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечеги кең экенин айтты. Ал компания өзүнүн кыргыз рыногундагы катышуусун кеңейтүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ресурстарын жана аракеттерин көбөйтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Филип Смит президент Садыр Жапаровго кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары биргелешкен иштерди улантууга даярдыгын ырастады.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Финансы министрлиги менен StoneX Group ортосунда, ошондой эле “Элдик Банк” ААК менен StoneX Group ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи болуп өттү.

Маалымат үчүн: StoneX Group — корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларга эл аралык финансылык жана товардык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ири америкалык финансылык топ. Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан компания кеңири эл аралык тармак аркылуу иш алып барат, ал эми анын акциялары NASDAQ биржасында котировкалоодон өтөт.